«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Регионы | 16.10.2026
  • |

Араванда 80 жаштагы энелер Куранды толук жаттап бүттү

Ош облусуна караштуу Араван районундагы "Зия" окуу борборунда бүтүрүү аземи өткөрүлүп, ага Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров катышты. Аталган окуу борбордо бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өзгөчөлөнүп 80 жаштагы эки эне 30 пара Куранды толук жаттап бүтүргөн. Ал эми 71 жаштагы эне болсо, Курандан 20 пара жаттаган.

Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, алардын ичинде илим алуу ар дайым кеч эместигин далилдеп жаткан энелердин бар экендигин баса белгилеп өттү. "Илим алуу эч качан кеч эмес, канча жашта болсоңуз да илим алыңыз. Бүгүн ушул сөздү далилдеп, 80 жаштагы эки энекебиз, Куранды толук жаттап бүтүрдү. Бул жаштарга үлгү болсо, жашым өтүп калды эми кеч дегендерге түрткү болот деген ишеничтебиз", – деди Султанали ажы Гапуров.

Ошондой эле, аялдардын диний билим алуусунда, үй-бүлө институтун бекемдөөдө жана окуу борбордун ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө өзгөчө салымын кошуп, талыкпастан эмгектенип келе жаткан Хамракулова Диларамханга КМДБнын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасын тапшырылды.