Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Баткен шаарында Куранды 30 пара толук жаттаган карылар арасында облустук тандоо конкурсу болуп өттү.
Конкурска 18 жаштан 30 жашка чейинки курактагы Куранды толугу менен жаттаган 10 дон ашуун кары катышты. Тандоо турун атайын карылардан түзүлгөн комиссия баалап, эң мыкты көрсөткүчтөрдү жараткан эки катышуучуга республикалык баскычка жолдомо ыйгарышты. Алар:
• Ташполотов Билал — 1-орун;
• Кудтикалиев Кадырбек — 2-орун.
Бул жеңүүчүлөр жакынкы күндөрү өтө турган республика боюнча Куранды толук жаттаган карылардын тандоо туруна катышат. Ал таймашта алдыңкы орундарды ээлеген катышуучулар Казакстанда өтө турган эл аралык Куран жарышына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.