Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 14.07.2025
  • |

Чүйдө имамдарга багытталган китеп окуу конкурсу өткөрүлдү

Чүй облусундагы Жайыл районунун борбордук мечитинде Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын имамдары үчүн китеп окуу конкурсу өткөрүлдү. Сынак Таажудин ажы Эшанкуловдун калемине таандык «99 суроодо жаназа» жана «Ажылык жана умра» китептеринен өткөрүлдү. 

Жыйынтыгында 1-орунду Сосновка айылындагы "Чоң Кыргыз" мечитинин имамы Молдоахмат ажы Абдулахов, 2-орунду Ийри-Суу айылынын имамы Ыскак ажы Калыкеев, ал эми 3-орунду Алексеевка айылындагы "Алымкул ата" мечитинин имамы Аскарали ажы Акбутаев ээлешти. 

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Андан тышкары көп жылдан бери имамчылык кызматты аркалап келе жаткан Орто-Суу айылынын имамы Казакбай Шадыкановго акчалай сыйлык берилди.

«Бул иш-чараны өткөрүүдөгү негизги максат, имамдардын билим деңгээлин жогорулатып, ишмердүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат. Анткени бул имамдардын ар биринин аркасында жүздөгөн жана миңдеген жамааттары бар. Элге Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасынын негизинде маалыматтарды жеткирип, ар кандай туура эмес агымдардан тосуу имамдардын милдети», – деди баш имам-хатиби Нурдан ажы Омуралиев.

Иш-чара соңунда демөөрчүлүк кылгандарга Жайыл райондук хатибияты тарабынан Ыраазычылык кат ыйгарылды.