«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Ош облусунун Чоң-Алай районунда дин кызматкерлеринин ортосунда ынтымакты, биримдикти жана сергек жашоо образын бекемдөө максатында спорттук иш-чара уюштурулду.
Спорттук иш-чарада ар кандай мелдештер өткөрүлүп, катышуучулар ден соолукту чыңдоо менен бирге достукту жана кызматташтыкты арттырууга багытталган маанилүү демилгеге күбө болушту.
Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов мындай иш-чаралар диний кызматкерлердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдеп, коомдогу биримдикти чыңдоого чоң салым кошорун белгиледи.