«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Ош облусундагы Чоң-Алай районундагы дин кызматкерлери арасында ынтымакты бекемдеп, сергек жашоо образын жайылтуу максатында спорттук иш-чаралар уланууда. Аталган иш-чара Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминовдун демилгеси менен уюштурулуп, имамдар арасындагы спорттук мелдештин 2-этабы болуп өттү.
Мелдеш аркан тартыш, кол күрөш, футбол, волейбол жана башка спорттук түрлөр боюнча өткөрүлүп, катышуучулар арасында кызуу атаандаштык жана достук маанай орун алды.
Мындай иш-чаралар дин кызматкерлеринин биримдигин бекемдөөгө, өз ара колдоону күчөтүүгө жана коомчулукка сергек жашоонун маанилүүлүгүн көрсөтүүгө багытталат.