"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов райондогу жалпы мечиттердин сырткы көрүнүшү бирдиктүү түстө болуусун демилгелеп, алгач Жекенди айыл өкмөтүндөгү мечиттердин сырткы көрүнүшү ак түскө боёлгонун билдирди.
"Хатибияттын жылдык иш-планында район боюнча жалпы мечиттердин сырткы көрүнүшү бирдиктүү түстө болуусу каралган. Аталган демилгени Жекенди айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Бекболот Маданов дамлабыз алгачкылардан болуп аткарып, айыл өкмөттөгү 22 мечиттин сырткы көрүнүшүн ак түскө өткөрдү. Демилгени аткарууда кызмат кылган дин кызматкерлеринен жана жергиликтүү жамааттан Аллахым ыраазы болсун", – деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.
Маматаминов аталган мечиттердин сырткы көрүнүшү көп жылдан бери каралбай калдыгын билдирди.
Баш имам-хатиб өз сөзүндө райондогу көптөгөн мечиттер капиталдык ремонтко муктаж экендигин, диний объектини оңдоп-түзөп жатканда биротоло бирдиктүү ак түскө өтүү сунушталганын, пайгамбар (с.а.в.) сүйгөн ак түс намазкандарга өзгөчө маанай тартуулай тургандыгын кошумчалады.