“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы «Замзами» мечитинин имамы Азамат Джакупбаевдин коомго кошкон салымын жана үзүрлүү эмгегин жогору баалаган айыл тургундары ыраазычылык иретинде “Степ вагон” үлгүсүндөгү автоунаа белек катары тапшырышты.
Жергиликтүү эл бул кадамды молдого болгон урмат-сыйдын белгиси катары белгилешти. Өз кезегинде Азамат Джакупбаев айыл тургундарына терең ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да жамааттын ынтымагын бекемдөө жана жаштардын ыйманын чыңдоо багытында кызмат кылууну убада кылды.
Айта кетсек, айыл молдосу 23 жылдан бери имамдык кызматты аркалап, элге диний жана руханий багытта үзүрлүү эмгек өтөп келүүдө.