"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында жайгашкан «Таштан ажы» медресесинде республикалык Куран жарыштын тандоо туру өткөрүлдү. Жарышка облустун ар кайсы аймактарынан келген мырзалар жана кыз-келиндер катышып, Куранды жатка жана тажвид эрежелери менен окуу боюнча күч сынашты. Иш-чараны адилеттүү баалоо үчүн тажрыйбалуу карылардан калыстар тобу түзүлүп, конкурсанттарды баалашты.
Жарыш жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар ыйык Курандын нурлуу аяттарын окуп, көрүүчүлөргө өзгөчө руханий таасир калтырды. Иш-чаранын соңунда мыкты деп табылган катышуучуларга грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, биринчи орунду ээлеген талапкерлерге республикалык Куран жарышка жолдомолор берилди.
Иш-чаранын негизги максаты жаштардын Куран окууга болгон кызыгуусун арттыруу, анын маңызын терең түшүнүүгө түрткү болуп, ыйман, адеп-ахлак, таалим-тарбия багытында өсүүгө өбөлгө түзүлгөнүн казыяттан билдиришти.