«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондун борбордук «Азирети Билал» мечитинин курулуш иштеринен кабар алып, учурда иш кызуу жүрүп жаткандыгын маалымдады.
Анын айтымында, мечиттин курулуш иштеринде тиешелүү талаптар сакталып, болжолдуу мечиттин 20-30 пайыздык иштери бүтүп жатат. Курулуш иштерине тиешелүү адистер жана курулуш техникалары иштин сапатын жана тез аткарылуусун камсыз кылууда.
«Курулуш иштеринде иштеп жаткан адистерден жана демөөрчү жигитибизден Аллахым ыраазы болсун. Өз иштерин мыкты аткарып, курулуш техникаларынын жардамы менен сапаттуу жана тез аткарылуусун камсыз кылууда. Болжол менен айта турган болсок, мечиттин курулушунун 20-30 пайызы бүтүп жатат», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.