«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Сары-Булак айылындагы 1988-жылы туулган жигиттер 2-группадагы майыптыгы бар классташына 3 бөлмөлүү үй куруп берүү иштерин баштагандыгын билдирди.
Аталган курулуш иштерин жеринен көрүп, бири-бирин колдоп, ынтымагы бекем болгон жигиттерге ыраазычылык билдирип, жасап жаткан иштеринин чоң сооп экендигин баса белгиледи.
"Дос – кандай болушу керектигин башкаларга үлгү катары көрсөтүп жатасыздар. Уюштурган жана салым кошкон жигиттерден Аллахым ыраазы болсун", – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.