“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылында өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү. Конкурска жалпысынан 25 бала катышып, мыкты көрсөткүчтөрдү жараткан 5 катышуучуга велосипед тапшырылды. Калган балдарга да баалуу белектер ыйгарылды.
Бул саамалыкка Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов катышып, Нарын казыятынын Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырып, катышуучулардын ата-энелерине, демөөрчүлөргө жана жыл сайын бул иш-чараны өткөрүп келе жаткан имамдын жардамчысы Молдаалы Сасыковго терең ыраазычылыгын билдирип, куттуктоо сөзүн айтты.
Иш-чараны жыл сайын Казыбек айылынын имамынын орун басары Молдаалы Сасыков айылдын жигердүү жаштары менен биргеликте уюштуруп, ар дайым 25-30га жакын жаш өспүрүмдү камтып келет.