«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ыйык Курман айттын урматына карата Манас жана Айтматов райондорунун тургундарына, өзгөчө жаш муундарга майрамдык маанай тартуулоо максатында ар кандай оюн-зооктор, улуттук күрөш жана башка оюндардын түрлөрү өткөрүлүп, балдарга балмуздак жана белектер таратылды. Ошондой эле, айт майрамынын алкагында курмандык малдар чалынып, анын бир бөлүгү муктаждарга таркатылып, калган бөлүгү элге сый тамак катары тартууланды.
Бул иш-чара ыймандуулуктун, боорукерликтин жана биримдиктин үлгүсү катары өтүп, майрамга келген элге жылуу маанай тартуулады. Майрамдык иш-чаралар аркылуу ар бир калың элдин жүрөгүнөн майрамдын түпкү мааниси сезилип, кубанычтуу мүнөттөрдү жаратууга жетишилди.
Бул иш-чараны уюштурган баш имамдарга жана демөөрчүлөргө келген калың эл ыраазычылыктарын билдиришти.