«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ош шаарындагы «Маккаи Мукаррама» аялдар диний окуу борбору 2024–2025-окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктап, уядан жалпы 23 бүтүрүүчү кызды чыгарды. Алардын ичинен 5 кыз Куранды толук жаттап, хафиза наамына ээ болушса, калган 18 бүтүрүүчү Куран тафсири сыяктуу негизги ислам илимдерин өздөштүрүштү.
Саамалыка Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, диний ишмерлер, окуу борбордун мугалимдери, ата-энелер жамааты жана студенттер катышты.
Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев бүтүрүүчүлөргө ак батасын берип, Куран жаттоонун жоопкерчилиги жана диний билимдин баалуулугу тууралуу насаатын айтты. Ал өз сөзүндө кыздардын илимге болгон умтулуусу коом үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, диний окуу борбордун ишин жогору баалады.
Ошондой эле Самидин кары Куран устаты катары Курандын ыйыктыгы жана ар бир аяттын руханий терең мааниси тууралуу катышуучуларга таасирдүү баян айтты.
Иш-чара соңунда бүтүрүүчүлөргө тастыктамалар тапшырылып, ата-энелер жана мугалимдер тарабынан ак жол тиленип, баталар берилди.