«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Баткен облусундагы Лейлек районунун Раззаков шаарында Лейлек районунун хатибиятынын тапшырмасы, мечит имамы Ибрахим Абдимиталип уулунун демилгеси, “Нур” мечитинин жамаатынын колдоосу менен мечиттин эски килеми жаңыланды.
Мечит имамы Ибрахимдин айтымында, жаңы килемге жалпысынан 700 миң сом кеткен. Андан сырткары мечитттин короосу жана эшик терезелери да ремонттолуп, актап-сырдалды.
Лейлек районунун хатиби Кубатбек ажы Абдугапар уулу мындай иш-аракеттер райондун башка мечиттеринде да уланарын, ошондой эле демилгени колдоп берген жергиликтүү тургундарга ыраазычылыгын билдирди.