«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Ордо калаа мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек ажы Үмөталиев жана дин ишмери, жазуучу Жунус ажы Абдинаби уулун кабыл алды. Шаар казысы аксакалдар менен жолугушууда аксакалдарды сыйлап, алардын батасын алуу керектигин белгилеп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Шакир ажы Маматовго Жунус ажынын калемине таандык «Сахабалардын жолун уланткандар» аттуу китеп белекке берилди.
Айта кетсек, жолугушууга дин ишмери, АК мүчөсү жана Азирети Муфтийдин кеңешчиси Дүйшөн ажы Отонбай уулу, диний ишмер Сайдилла Жунус уулу катышты.