Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылында 400 орунга ылайыкташкан жаңы мечит жана заманбап үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу ачылыш аземге Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, айыл өкмөтүнүн башчысы Арапбай Жумабаев, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мечиттин имамы болуп Рахимидин ажы Разаков дайындалып, тиешелүү буйрукту облус казысы тапшырды. Өз сөзүндө Талантбек ажы Темирбаев Пайгамбарыбыздын ﷺ: «Аллах үчүн бир мечит курган адамга Аллах Таала бейиште үй даярдайт» деген хадисин эскерип, курулушка салым кошкон жарандарга Азирети Муфтийдин атынан ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Жаңы мечитке айыл эли үчүн кызмат кылып өткөн Исмаил ажы Жумабаевдин ысымы ыйгарылды.
Ошол эле күнү заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз болгон үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору да пайдаланууга берилди. Бул борборго айыл элинин саламаттыгына эмгек кылып өткөн Закир Жалиловдун ысымы берилди.