Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Регионы | 19.03.2025
  • |

Усманов Абдимуталиб Кадамжай районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун 2025-жылдын 17-мартындагы буйругунун негизинде Кадамжай районунун баш имам-хатиби болуп Усманов Абдимуталиб Мурзахматович дайындалды.

Буйрукту 19-мартта, Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов жаңы дайындалган баш имам-хатибди райондун имамдарына жана жергиликтүү жамаатка тааныштырды. Муса ажы Жолдошов Абдимуталиб Усмановго жоопкерчиликтүү кызматында ийгиликтерди каалап, район аймагындагы диний ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө тилектештигин билдирди.

Усманов Абдимуталиб Мурзахматович 1981-жылы Кадамжай районунун Айдаркен шаарында төрөлгөн. Ал 1995-2000-жылдары Айдаркен шаарындагы «Азрети Али» медресесинен диний билим алган. 2001–2024-жылдары Айдаркен шаарындагы «Жаңы Абад» мечитинде имам болуп иштеген. 2024-жылдан ушул күнгө чейин Айдаркендеги «Ар Рохма» мечитинде баш имам болуп эмгектенип келген.