«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.»
(Термизий, 1987)
Регионы | 22.05.2025
  • |

Жалал-Абад облусунда дин кызматкерлери үчүн ислам каржылоосу боюнча семинар өттү

Кечээ, 21-март күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын уюштуруусу менен облус аймагындагы район-шаарлардын баш имам-хатибдери жана айыл өкмөт имамдары үчүн ислам каржылоосунун негиздери боюнча окутуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чарага “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун ислам терезеси бөлүмүнүн кызматкерлери жана аталган банктын Шарият кеңешинин мүчөсү Акматжан Жумадыл катышып, ислам каржылоонун негизги принциптери тууралуу кеңири маалымат берилди.

Семинардын жүрүшүндө мурабаха жана ижара келишимдери, ошондой эле мудараба депозиттери, карта эсеби жана ислам төлөм карталары сыяктуу ислам финансы предметтери боюнча терең түшүндүрмөлөр берилип, катышуучулардын суроолоруна адистер жооп кайтарышты.

Окутуунун соңунда бардык катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылып, алардын диний жана каржылык билимдерин тереңдетүүгө өбөлгө түзүлдү.

Бул иш-чара дин кызматкерлеринин ислам финансы жаатындагы түшүнүгүн кеңейтүү жана коомчулукка туура маалымат берүү жөндөмүн жогорулатуу максатын көздөдү.