Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Регионы | 11.03.2025
  • |

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы аймактардагы таравих намаз окулган мечиттерди кыдырууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Базар-Коргон районундагы “Хизир Алейхи Салам” жума мечитине барды. Анда жергиликтүү жамаатты Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, Рамазан жана адеп-ахлак туурасында баян кылды.

Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Бакытбек ажы Туңгатаров район аймагындагы 164 мечитте таравих намазы, 22 мечитте бир парадан Куран катмы окулуп жатканын айтты.

Эске салсак, облус казысы буга чейин Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы бир катар мечиттерге барып, жергиликтүү жамаат менен таравих намазын окуган.