Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Жалал-Абад шаардык хатибияты "Хасене" Эл аралык уюму менен биргеликте 80 камкордукту талап кылган балага окуу куралдары жана акчалай жардам беришти. Бул саамалык балдардын жаңы окуу жылына даярдыгына чоң колдоо болуп, алардын жүзүнө кубаныч тартуулады.
Иш-чарада шаардын баш имам хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев сөз сүйлөп, жардамга муктаждарга камкордук кылуунун ислам дининдеги орду тууралуу насаат айтты. Ал пайгамбарыбыз Мухаммаддын ﷺ муктаждарды сүйүү, аларды коргоо жана жардам берүү боюнча көптөгөн хадистерин эскертип, аталган уюмга ыраазычылык билдирди.
«Жетимдин башын сылаган адамдын ар бир чачы үчүн Алла Таала ага сооп жазат» (Ахмад) деген улуу пайгамбарыбыз. Коомубузда муктаждар бар. Ар бирибиздин колубуздан келген жардамды берип туралы. Бул – Алланын ыраазылыгына жеткирүүчү жол», – деп изги тилегин билдирди Мелисбек ажы өз сөзүндө.
Бул иш-чара – коомдогу ыйман, боорукерлик жана биримдиктин айкын белгиси болуп кала бермекчи.