«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылынын жаштары өздөрүнүн демилгеси менен айылдын имамы Нурланбек Урдолотовго Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унааны белек кылышты.
Имам 13 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, элге кызмат кылып келе жатат. Айыл тургундары анын эмгегин жогору баалап, ыраазычылык иретинде бул белекти ыйгарышты.
Бул саамалык жергиликтүү жамааттын ынтымагынын, диний кызматкерлерге болгон урмат-сыйынын далили болду. Аллах кабыл кылсын дейли!