«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
«Расул Акрам» ислам институтунда «Акыл эмгегинин маданияты» жана «Билим алууну үйрөн» программаларынын окутулушунун зарылдыгы жана мааниси тууралуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин өз алдынча билим алуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, акыл эмгегин туура жана натыйжалуу уюштуруунун маанисин талдоо, ошондой эле билим берүү процессине инновациялык ыкмаларды киргизүү болду.
Конференцияга устаздар, тарбиячылар, студенттер жана билим берүү тармагынын адистери катышты. Конок катары белгилүү педагог-новатор, профессор Гапыр Мадаминов чакырылып, ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаш муундарды билимге болгон кызыгуусун арттыруунун жана акыл эмгегинин маданиятын калыптандыруунун жолдорун айтып өттү.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар арасында жандуу пикир алмашуу болду. Жолугушуунун жыйынтыгында «Акыл эмгегинин маданияты» жана «Билим алууну үйрөн» программаларын билим берүү процессине киргизүү — студенттердин билим сапатын жогорулатууда маанилүү кадам экени белгиленди.