Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 30-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезексиз жыйыны өтүп, анда аймактарда диний агартуу жүргүзүү жана жума куптасын окуу маселеси талкууланды. Жыйындын чечимине ылайык, 10-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун шаар жана райондорундагы жума намазы окулуучу мечиттерде Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жамаатка жума баянын жасап, кутпасын окушмакчы.
Бул иш-чаранын алкагында Аалымдар Кеңешинин 11 мүчөсү Ысык-Көл облусуна барып, жамааттарга дин-ыйман багытындагы маанилүү темаларда баян кылышмыкчы. Кутпалар төмөнкү шаар жана райондордо айтылат:
• Каракол шаары;
• Чолпон-Ата шаары;
• Балыкчы шаары;
• Тоң району;
• Түп району;
• Ак-Суу району;
• Жети-Өгүз району.
Бул демилге аймактардагы жашоочулар менен тыгыз байланышта болуп, коомчулуктун руханиятына көңүл бурууга жана диний түшүнүгүн арттырууга багытталды.