Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Нике — менин сүннөтүм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, менден эмес” (Бухари, Муслим)
Общество | 18.04.2025
  • |

Абдулазиз ажы Туташпаев Ош шаарындагы болочок ажылар үчүн сабак өттү

Бүгүн, 18-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ажылык жана умра боюнча адиси Абдулазиз ажы Туташпаев Ош шаарындагы «Имам аль-Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте ажылык сапарына баруучу зыяратчыларга ажылык амалдары боюнча атайын сабак уюштурду.

Сабакта болочок ажыларга САПтын тиешелүү мыйзамдарын жана эрежелерин сактоо боюнча кенен маалыматтар берилди.

Белгилей кетсек, аталган сабактар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен өлкө боюнча жүргүзүлүп жатат.