«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Бүгүн, 18-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ажылык жана умра боюнча адиси Абдулазиз ажы Туташпаев Ош шаарындагы «Имам аль-Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте ажылык сапарына баруучу зыяратчыларга ажылык амалдары боюнча атайын сабак уюштурду.
Сабакта болочок ажыларга САПтын тиешелүү мыйзамдарын жана эрежелерин сактоо боюнча кенен маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек, аталган сабактар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен өлкө боюнча жүргүзүлүп жатат.