«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
2025-жылдагы ажылык зыяратын уюштуруу алкагында документтерди визага даярдоо иштерди башталды. Бул тууралуу 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев билдирди:
«Зыяратчылардын документациясын тыкыр текшерип, визага даярдоо иштерине старт берилди. Жараян негизинен 2 этаптан жүргүзүлөт. Алгач ажылардын делосу текшерилет. Андан соң визага даярдалат», – деди Жолдошбек ажы.
Штаб башчы өз сөзүндө ажылыкка кызмат кылуу өтө сооптуу жана жооптуу иш экенин белгилеп, ажылыкты уюштуруу иштери диний башкармалыкта бир нукка түшүп, системаланып калганын айтты.
Айта кетсек, быйыл САП тарабынан кыргызстандыктар үчүн 6060 квота бөлүнгөн.