“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 27.08.2025
  • |

Азирети Муфтийге КР Коргоо министрлигинин Ыраазычылык баракчасы тапшырылды

КР Коргоо министрлигинин өкүлдөрү КМДБны зыярат кылып, Азирети Муфтий Абулазиз кары Закиров менен жолугушту. Алар эки тараптуу кызматташтык үчүн КМДБ жетекчилигине ыраазычылык билдирүү менен, Азирети Муфтийге Ыраазычылык кат тапшырышты.

Азирети Муфтий Мекенди коргоо жана эл-журтка кызмат кылуунун пазилеттерин айтып, бул жаатта тынымсыз эмгектенип келе жаткан Мекен сакчыларына терең ыраазычылык билдирип, бата-дубасын берди. 

Айта кетсек, жолугушууга Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, КР Коргоо министрлигинин тарбия иштер башкармалыгынын башчысы, полковник Мурзаканов Марат Адилбекович жана КР КМ тарбия иштер башкармалыгынын улук офицери Исламбек Кылычбек уулу катышты.