"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 20.04.2026
  • |

Баткен: Азирети Муфтий Зардалы айылына иш сапары менен барды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдилазиз кары Закиров Баткен облусуна иш сапары менен барды. Иш сапар алыскы Зардалы айылынан башталды.

Азирети Муфтий Зардалы айылынын тургундары менен жылуу маанайда жолугушуу өткөрүп, жергиликтүү эл менен баарлашып, диний турмуш жана муктаждыктар жаатында пикир алышты. Муфтий өз сөзүндө Кыргызстанга дин илимин тараткан аалым-устаздардын эмгегин баалап, алардын көзү өтүп кетсе да жасап кеткен эмгектери эч качан унутулбасын баса белгиледи.

Иш сапар алкагында чөлкөмдөн чыккан белгилүү аалымдардын изи калган жайлар зыярат кылынды. Атап айтканда, көзү өтүп кеткен экс-муфтий, маркум Абсаттар ажы Мажитовдун, ошондой эле аалым-устаздар Молдо Шакир, Молдо Сабыр (Мамасабыр) жана Молдо Шамши (Шамсиддин) устаздардын балалыгы өткөн жана жашаган үйлөрүнө барды. 

Зыярат учурунда Кыргызстанга белгилүү Анарбай кары Курбанбеков маркум аалымдардын арбагына куран-хатм багыштап, Азирети Муфтий дуба кылды. 

Азирети Муфтийдин бул иш сапары аймактагы калк менен тыгыз байланыш түзүүгө жана руханий баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар кербенинде Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдиманап кары Масалиев, КМАКтын алдындагы текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, муфтияттын аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазиев коштогон КМДБ кызматкерлери, муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров, Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, муфтийдин Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров, муфтийдин кеңешчиси Мукадас ажы Кожониязов жана Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу башында турган Баткен чөлкөмүнөн чыккан дин аалымдары бар.