«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Бүгүн, 12-сентябрь күнү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагалары (муфтийлери) борбор калаадагы Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде жума намазына катышты. Кыргызстан, Казакстан,жана Түркия Азирети Муфтийлери жума алкагында мечит менен таанышып, намаздан соң дүйнөнүн тынчтыгы жана үммөттүн биримдиги үчүн дуба кылышты.
Айта кетсек, боордош өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлери үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында ордо калаада өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен. Эл аралык деңгээлдеги маанилүү бул иш-чара КР Президентинин колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулду.