Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси, «Ыйман» мечитинин уюштуруусу биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелгендер (дудук-дүлөй) үчүн уюштурулган кезектеги эки жумалык Куран жана шарият илимдери боюнча окуу семинары жыйынтыкталды. Семинарга Бишкек, Кара-Кол, Талас жана Баткенден жарандар катышып, диний маалымат алышты.
Уюштуруучулардын айтымында, бул жолку семинарга боордош Өзбекстандан да 4 жаран келип, семинарга катышты.
Семинардын соңунда катышуучуларга семинарга катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Катышуучулар диний башкармалыкка ыраазычылык билдирип, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ушундай пайдалуу саамалыктар жана курстар болуп туруусун өтүнүштү.
Айта кетсек, ушундай эле семинар көзү азиз бир туугандар үчүн да өтүлүшү мерчемделүүдө.