"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен башталган республикалык Куран жарыштын 2-күнү уланууда.
Бүгүн, 28-октябрь күнү мырзалар Курандан 30, 15 жана 5 пара жатка билүү боюнча күч сынап жатышат. Ал эми эртең, 28-октябрь күнү Куран саамалыгынын жыйынтыгы чыгарылат.