«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Ордо калаадагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга рамазандык баштыктар таратылды. Зергерлер жана Ишкерлер Союзунун Президенти Сталбек Акматов Темирбековичтин колдоосу менен өткөн иш-чара Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев катышып, орозонун касиети, кайрымдуулук кылуунун пазилеттери, Рамазандын берекеси тууралуу сөз кылды.
Талантбек ажы кайрымдуулук иш-чарасына демөөрчүлүк кылган ишкер Сталбек Акматовго терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.