Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси, «Ыйман» мечитинин уюштуруусу менен мүмкүнчүлүгү чектелгендер (дудук-дүлөй) үчүн уюштурган Куран жана шарият илимдери боюнча семинардын жыйынтыгы чыкты.
Семинардын соңунда атайын экзамендер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө умра сапарына сертификаттар тапшырылды.
Катышуучулар диний башкармалыкка жана демөөрчү Асанбек ажы Төрөевге ыраазычылыктарын билдирип, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ушундай пайдалуу жана зарыл семинарлар, курстар үзгүлтүксүз өткөрүүнү өтүнүштү.