«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Бүгүн, 1-февраль – Эл аралык жоолук күнүнө карата “Имам Сарахси” борбордук мечитинде “Жоолугум – Жараткандын белеги” аттуу иш-чара уюштурулду.Саамалыкта КМБДнын кызматкери Равшан ажы Эратов сөз сүйлөп, жалпы айымдарды эл аралык жоолук күнү менен куттуктады.
«Аллах Таала адам баласын эң көркөм абалда жаратып, аны нарк-насил, уят-адеп менен кооздоду. Ислам дини да, кыргыз элинин улуттук дүйнө таанымы да үй-бүлөнү коомдун негизи, ал эми аялды ошол үй-бүлөнүн жүрөгү катары карайт. КМДБ 2026-жыл үчүн артыкчылыктуу багыт катары “Ислам баалулуктары: Нарк жана үй-бүлө” деп тандап алган. Ал аркылуу адамдык нарк, уят, адеп сыяктуу асыл баалуулуктарды сактап калуу, айрыкча аялзаты аркылуу коомду оңдоо максатын көздөйт» – деген Равшан ажы, – Нарк мыйзам же көзөмөл жок учурда да адамды туура жолдо кармап турган ички күч. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе, жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим). Бул хадис нарктын жүрөктө жайгашканын көрсөтөт. Нарктуу, ыймандуу адам: эл көрбөсө да жаман иш кылбайт, пайда үчүн абийирин сатпайт. Демек, ыйман канчалык бекем болсо – нарк ошончолук бийик. Такыбалык – бул нарктын өзөгү. Кыргыз элинде да: «Нарк кетсе – эл кетет» деген накыл бекеринен айтылган эмес”, – деди өз сөзүндө.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Каусар апалар” жамааты, Саида Абдраимова жана Айжан Акылбековалар лекция окушту.
Саамалыктын эң маанилүү жана таасирдүү көз ирмемдеринин бири 30 дан ашуун айымга жоолук салуу аземи болгонун, ага Түркия Республикасынын Бишкек шаарындагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчилиги демөөрчүлүк кылышканын уюштуруучулар билдиришти.