«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Египет Араб Республикасынын Каир шаарында өтүп жаткан «Глобалдык өзгөрүүлөр шартындагы үй-бүлөлүк маселелер: үй-бүлөнү коргоо, анын келечегин камсыз кылуу жана улуттук-диний бүтүндүктү сактоодогу фатвалык мамилелер» аттуу эл аралык илимий конференцияга катышууда.
Дүйнөдөгү фатва берүү мекемелеринин Башкы катчылыгы тарабынан уюштурулуп жаткан эки күндүк эл аралык жыйынга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн башкы муфтийлер, белгилүү ислам аалымдары, эл аралык ислам уюмдарынын жетекчилери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле тармактык адистер катышууда.
Конференциянын негизги максаты — глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында заманбап үй-бүлө туш болуп жаткан көйгөйлөрдү илимий жана шарияттык негизде талдап, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө багытында натыйжалуу фатвалык чечимдерди иштеп чыгуу.
Эл аралык конференция төмөнкү негизги максаттарды көздөйт:
1. Үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү илимий негизде так аныктоо
Жасалма интеллекттин өнүгүшү жана санариптик трансформация шартында заманбап үй-бүлө туш болгон көйгөйлөрдү изилдөө жана талдоо. Ишенимдүү статистикалык маалыматтарга жана талаалык изилдөөлөргө таянуу менен салттуу үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү жаңыдан пайда болуп жаткан жана терең түзүмдүк өзгөрүүлөрдү талап кылган чакырыктардан ажыратуу.
2. Фатва берүүдө методологиялык негизди күчөтүү
Фикхтин негиздерине жана шарияттын максаттарына таянган системалуу фатвалык жоопторду иштеп чыгуу. Заманбап үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү шариятка ылайык чечүүдө жетиштүү деңгээлде каралбай келген маселелерге көңүл буруу жана үй-бүлөлүк маселелер боюнча жамааттык фатва берүү моделдерин өркүндөтүү.
3. Келечекке багытталган көз карашты калыптандыруу
Үй-бүлөнүн түзүмүндө жана анын мүчөлөрүнүн милдеттеринде күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү алдын ала талдоо. Айрыкча генеративдик жасалма интеллекттин өнүгүшү, жардамчы санариптик технологиялар жана виртуалдык чөйрөдөгү адамдардын өз ара байланыш формаларынын өзгөрүшү шартында фатва берүү мекемелерине багыт бере турган келечекке ылайык системалуу көз карашты иштеп чыгуу.