«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 11.10.2026
  • |

КМДБнын Илим изилдөө институтунун директору Мырзаибраимов Самаган Имам Бухаринин илимий мурасына арналган эларалык симпозиумга катышты

КМДБнын Илим изилдөө институтунун директору Мырзаибраимов Самаган  Имам Бухаринин илимий мурасына арналган эларалык симпозиумга катышты

Иш-чаранын негизги максаты — улуу ислам аалымы Имам Бухаринин илимий мурасын салттуу илимий ыкмалар менен заманбап изилдөө методдорун айкалыштыруу аркылуу терең изилдөө.

Симпозиумдун алкагында «Сахих аль-Бухари» эмгегинин кол жазма нускалары, алардагы угуу, окуу, уруксат берүү жана текстти оңдоо боюнча жазуулар, тексттик айырмачылыктар жана риваяттардын таралуу байланыштары талкууланууда.

Ошондой эле Түркия, Кыргызстан,  Өзбекстан, Египет баштаган өлкөлөрдүн, Борбор Азиянын, Магриб аймагынын, Индия жарым аралынын, Африканын жана Батыш өлкөлөрнөн катышуучулар доклад окуду.

Аталган симпозиум Имам Бухаринин баа жеткис илимий мурасын жаңы изилдөөлөрдүн негизинде тереңирээк таанууга, кол жазма булактарды илимий жактан салыштырып үйрөнүүгө жана ислам илимдеринин өнүгүшүнө салым кошууга багытталган.