«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Ливиянын Сирт шаарында өтүп жаткан Куран жаттоо боюнча Ливиянын эл аралык 14-жолку Куран конкурсунун жабылуу аземи болду. Сынакка дүйнөнүн 81 өлкөсүнөн келген, Ыйык Куранды жатка билген 134 катышуучу катышты.
Куран жаттоо боюнча Ливиянын эл аралык 14-жолку Куран конкурсу Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачылыгынын колдоосу астында өткөрүлүп, аны Ливия өкмөтүнүн алдындагы Вакфтар жана ислам иштери боюнча министрлиги уюштурду.
Салтанаттын жүрүшүндө жеңүүчүлөргө Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынын орун басары, генерал-полковник Саддам Хафтер жана Вакфтар жана ислам иштери боюнча министр сыйлыктарды тапшырышты.
Аталган Сирт шаарында өткөн эл аралык Куран жарышында Кыргызстандан барган Мухамадали кары Умаров Куранды толук окуу жана акыркы 3-парасынан тафисирин айтуу менен байгелүү 3-орунду багындырды.
Ошондой эле бул эл аралык Куран жарышында калыстык милдетин эл аралык Куран конкурстарынын калысы, «Абдулла бин Аббас» Куран жаттоо медресесинин мүдүрү Асылбек кары Таштемиров калыстар тобуна мүчө катары катышты.
Жарыштын жабылуу аземи салтанаттуу түрдө өтүп, ага Ливиянын жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлери, дин тармагындагы жооптуу мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү жана чет өлкөлүк коноктор катышты.
Конкурстун жыйынтыгында 3-орунду ээлеген Кыргызстандын өкүлү Мухамадали карыга 150 миң ливия динары, ага кошумча дагы 100 миң ливия динары (26300$) өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.
Бул жетишкендик – Куран илимин терең өздөштүрүүгө болгон умтулуунун, үзүрлүү эмгектин жана диний билимге берилгендиктин жемиши. Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги бул ийгилиги жалпы кыргыз журту үчүн сыймыктуу окуя болуп, өлкөбүздүн атын дагы бир жолу даңазалады.