"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 27-октябрь күнү Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен башталган республикалык Куран жарыштын 1-күнү соңуна чыкты.
Бүгүн кыз-келиндер Курандан 30, 15 жана 5 пара жатка билүү боюнча күч сынашты. Ал эми эртең, 28-октябрь күнү мырзалар арасында жарыш өтмөкчү.
Куран саамалыгынын жыйынтыгы 29-октябрь күнү чыгарылат.