«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Бүгүн, 28-октябрь күнү Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен өтүп жаткан республикалык Куран жарыштын 2-күнү соңуна чыкты.
Бүгүн мырзалар Курандан 30, 15 жана 5 пара жатка билүү боюнча күч сынашса, эртең, 28-октябрь күнү Куран саамалыгы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат.