Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 08.10.2025
  • |

Умра зыяратын уюштуруу боюнча аккредитациядан өткөрүү процесси уланууда

Умра зыяратын уюштуруу боюнча аккредитациядан өтүү үчүн арыз калтырган туристтик компаниялардын документтери атайын түзүлгөн комиссия карап, алардын жетекчилери менен кезектеги маектерди өткөрдү. Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн кылдат текшерүүнүн натыйжасында, дагы 7 компания келишим түзүүгө сунушталды.

2025-жылдын 7-октябрына карата аккредитациядан өткөн жана келишим түзүүгө жолдомо алган компаниялардын саны 31 ге жетти. 

Азыркы учурда аккредитациядан өтүү үчүн арыз берген калган компаниялардын документтери каралууда.

Умра бөлүмү билдиргендей, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкөдөгү умра зыяратынын уюштурулушун жогорку стандарттарга ылайык камсыз кылууга аракеттенүүдө.

Эскертүү: Аккредитациядан өтпөй туруп умра ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тараптар болсо, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн маалымдайбыз.