"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Рамазан айынын ыйык Кадыр кечинде Бишкек шаарына караштуу Ала-Тоо конушунда жайгашкан «Рашид Саид» мечитинин имам-хатиби Турат ажы Чынбаевге «Ала-Тоо коомунун» жаштары тарабынан автоунаа белек кылынды.
Жаштар имамга Honda Accord үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын ачкычын тапшыруу менен бирге, ак калпак кийгизип, чапан жабышты.
«Автоунааны Алланын ыраазычылыгы үчүн белек кылдык. Мечитте имамдык кылган, төрөлгөн наристелерге азан айткан, көзү өткөндөргө жаназа окуган имам дамлабыздын эмгеги зор. Аны кадырлап, дубасын алалы деген идея бар болчу. Имамыбыз 13 жыл бою элге ак кызматын кылып, мечитти абад кылып, документтенинен бери өзү чуркап бүтүргөн. Ала-Тоо жаштары ушул ыйык күндөрү ихсан кылып, көңүлүн көтөрөлү деп пландаган элек», – деди коомдун жетекчиси Куттубек Амантуров.
Өз кезегинде Турат ажы жаштарга көрсөткөн рамазандык белеги үчүн ыраазычылык билдирип, алардын иштерине ийгилик каалап, үй-бүлөлөрүнө тынчтык жана береке тилеп, дуба кылды.