"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Билим берүү | 11.05.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров «Умму Мухаммад» медресесин зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Туран кичи районунда жайгашкан «Умму Мухаммад» медресесин зыярат кылып, студенттери менен жолугушту.

Зыяраттын жүрүшүндө Самидин кары Атабаев Азирети Муфтийге окуу жай тууралуу маалымат берип, Рамазан айында ДОЖ студенттери мечиттерге Куран катмыларыларга өтүп келгендигин билдирди.

Жолугушууда Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап, ак батасын берди. Ошондой эле, кызмат кылып келе жаткан мугалимдер жамаатына жана жалпы студенттерге муфтийдин белектери тапшырылды.

Мындан сырткары аталган окуу жайда көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан 10 кыраат боюнча ижазасы бар Мухаммад кары Фарукка муфтияттын ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Айта кетсек, аталган окуу жай 2016-жылдан бери расмий түрдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп, Куран жаттоо багытында көптөгөн карыларды чыгарып келет. Айталы, 2025-2026-окуу жылына карата Куранды толук жаттаган 24 кары окууну бүткөрүү алдында турат.