«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 26.09.2026
  • |

Азирети Муфтий белгилүү кыргыз карысы Эрмек кары Машрап уулуна Куран окутуу аземине катышты

Бүгүн, 26-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагындагы Ачы айылында жайгашкан «Эрмек кары» мечитинин имараты жаңыланып, кайрадан пайдалнууга берилди. Мечиттин ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев, КМДБнын өкүлчүлүктөр, хатибияттар, мечиттер, имамдар жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров жана Ош шаарындагы өкүлү Убайдулла ажы Сарыбаев баштаган диний кызматкерлер катышты.

Мечиттин ачылыш аземинде Орто Азияга белгилүү маркум Эрмек кары Машрап уулу эскерилип, Куран окуп дуба кылынды.

«Кыргыз жергесинде нечендеген мыкты аалымдар, булбул үндүү карылар жетилип чыккан. Мына ошолордун катарында Эрмек кары атабыз да бар. Эрмек кары бүтүндөй Орто Азияга таанылып, далай-далай шакирттерди тарбиялаган. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, бүгүнкү күндө кары атанын балдары жана неберелери да карылык боюнча өзгөчөлөнүп турат. Алла Таала Эрмек кары атабыздын атына багыштап окулган Курандарыбызды кабыл кылган болсун», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

Аталган мечиттин эски имаратында буга чейин беш убакыт намаз окулуп келген болсо, имараты жаңылангандан соң, жума намазын окууга уруксат берилди.

Айта кетсек, Эрмек кары Машрап уулу Орто Азияга белгилүү кары болгон. Кары тууралуу толук маалыматты КМДБнын расмий сайтынан көрсөңүз болот.