«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 13.10.2026
  • |

Азирети Муфтий Чикагодогу Үмөт мечитине зыярат кылды

ыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров АКШнын Чикаго шаарындагы Үмөт мечитине зыярат кылды.

Бул зыяратка Кыргызстандан барган коомдук, диний жана илимий ишмерлер да катышты.

Алардын катарында:

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташыбеков;

- Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров;

- Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов;

- Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев болду.

Үмөт мечити — АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында жайгашкан, жергиликтүү мусулман коомчулугуна кызмат кылган мечиттердин бири. Мечит мусулмандардын ибадат кылуусуна, жамааттык намаздарга катышуусуна жана диний-билим берүү иш-чараларын өткөрүүсүнө шарт түзүп, кызмат кылып келет.