"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 16.05.2026
  • |

Азирети Муфтий текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдиновдун бир тууганы дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты!

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган муфтияттын эмгек жамааты Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин алдындагы текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдиновдун бир тууган агасы Жыргалбек Нурдиновдун дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты.

Көңүл айтуу тексти:

Урматтуу Бакыт ажы! Агаңыздын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан Алла Таала маркум агаңызды Өз ырайымына алып, бейиш бакчаларын насип кылсын. “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Аль-Анбийа, 35). “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Урматтуу Бакыт ажы баштаган маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, дос-санаалаштары! Алла Таала сиздерге кайрат берсин. Ал эми маркум агабызды бейиши менен сыйласын».

Некролог: Нурдинов Жыргалбек Сарбагышович 1961-жылы 27-августунда Нарын обулусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылында туулган. Эки уул, төрт кыздын атасы эле.

1981-жылы Орусиянын Хабаровский шаарында аскер кызматын өтөп келип, Нарын шаарындагы айыл чарба техникумунда ветеринардык адистик боюнча билим алып, Тоголок Молдо колхозунда веттехник кызматын аркалоо менен эмгек жолун баштаган.

1982-86-жылдары колхоздун жолдомосу менен Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин ийгиликтүү аяктап, Тоголок Молдо колхозунда ветеринардык врач болуп иштеген.

1995-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Бишкек шаарындагы Чынар, Чолпон, чиркөө жана 7-чи кичи райондорундагы базарлардын фитосанитардык лабораторияларында врач жана Кең-Булуң, Торугарт, Каркыра чек ара өтмөк постторунда ветеринардык кызматкер болуп эмгектенген.