“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 01.07.2026
  • |

Баткен облусунда конфессиялар аралык диалогдун кезектеги отуруму өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн иш планынын алкагында облус аймагындагы конфессиялар аралык диалогдун кезектеги 6-отуруму болуп өттү.

Аталган жыйынга Кызыл-шаардык мэриясынан, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу, Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Абдумалик кары Ташматов, ошондой эле ар түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрү катышышты.

Отурумдун жүрүшүн улуттук агенттиктин облустагы өкүлү Чагылган Юсупов алып барып, диний уюмдардын өкүлдөрү өздөрүнүн жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү, жетишкен ийгиликтери жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо, өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү жана коомдогу тынчтык менен туруктуулукту сактоо багытында кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйындын соңунда катышуучулар мамлекет менен диний уюмдардын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү, диний чөйрөдөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо жана коомдук ынтымакты бекемдөө багытындагы иштерди биргелешип улантуу зарылдыгын белгилешти.