"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 14.04.2026
  • |

Бухара: Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров тарыхый «Мир Араб» медресесин зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында Бухара шаарындагы тарыхый «Мир Араб» медресесин зыярат кылды. 

«Бул куттуу жайда Орто Азиянын алдыңкы диний аалымдары билим алышкан. 500 жылдык тарыхы бар ушул куттуу медреседе окуп, иштеп кеткен аалымдардын рухуна багыштап 250 Куран хатмдын сообун багыштайбыз. Совет мезгилинде «Мир Арабдан» КМШдагы эң алдыңкы аалымдар чыккан», – деди Азирети Муфтий.

Айта кетсек, «Чыгыштын Окфорду» деп аталган ушул медрседен бир катар кыргыз аалымдары билим алган. 1982-1986-жылы дал ушул медресени Кыргызстандын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов жетектеп, ректорлук кызматты аркалаган.

«Мир Араб» медресеси тууралуу:

Чөлкөмдө «Мир Араб» деген ат менен белгилүү болгон Саййид Абдулла ал-Яманий Йеменде төрөлгөн. Ал 22 жашында Самаркандга келип, Накшбандия тарыйкатынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Хожа Ахрор Валиге шакирт болуп, тарыйкат пири даражасына жеткен. Устазы дүйнөдөн өткөндөн кийин Бухара өкүмдары Убайдуллахан менен таанышкан. Көп өтпөй Бухара уламалары арасында кадыр-баркка ээ болуп, аларга жолдош, ханга руханий устат (пир) даражасына жеткен.

Анын демилгеси менен Убайдуллахан берген каражаттын эсебинен 1530-жылы (хижрий 936-ж.) Масжиди Калондун чыгыш тарабында медресе куруу башталган. Бирок бул курулуш аяктабастан, Саййид Абдулла ал-Яманий дүйнөдөн өтүп, анын осуяты боюнча күйөө баласы Шайх Закария 1536-жылы (хижрий 942) курулушту аяктаган.

Мир Араб медресеси Минараи Калан жана Масжиди Калан менен бирге кооз архитектуралык ансамблди түзөт. Бул билим берүү жайы шаардагы медреселерден эки чоң көгүлтүр күмбөзү менен айырмаланат. Медресеге кире бериш батыш тарапта жайгашып, оң жактагы күмбөздүн астында мечит, ал эми сол жактагы күмбөздүн астында күмбөз-макбара орун алган. Макбарада Саййид Абдулла ал-Яманий, Бухара ханы Убайдуллахан жана анын жакындары жерге берилген.

Медресе эки кабаттан туруп, Курандагы сүрөлөрдүн санына ылайык 114 хужрадан (бөлмөдөн) турат. Имараттагы төрт чоң арка Куран аяттары менен кооздолгон. «Мир Араб» медресеси ислам маданиятынын өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү билим берүү жайларынын бири болуп эсептелет.

Бул улуу билим ордосунда Бухара амирлеринен Амир Шахмурад, Амир Хайдар жана башка көрүнүктүү инсандар билим алышкан.

Медресе дээрлик беш жүз жылдык тарыхында Борбор Азия, Афганистан, Иран, Россия, Кавказ, Азербайжан, Дагестан сыяктуу аймактардагы мусулмандардын жашоосунда маанилүү орунду ээлеп, диний кызматкерлерди даярдоодо чоң роль ойногон.

Совет мезгилинде медреселердин иши токтотулганына карабастан, «Мир Араб» медресеси 1945-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Бул жерден ислам дининин өнүгүшүнө зор салым кошкон көптөгөн белгилүү аалымдар чыккан. Алардын арасында Россиядан Равил Гайнутдин, Башкыртстандан Талгат Тажуддин, Чеченстандан Ахмад Кадыров, Азербайжандан Аллахшүкүр Пашазаде, кыргызстандык Кимсанбай Абдурахманов жана Түркмөнстандан Насруллахан Ибадуллаев сыяктуу инсандар билим алышкан. Ошондой эле муфтий Эшен Бабахан, муфтий Эшен Зиявиддинхан жана замандаш аалымдар Абдулгани Абдуллаев, Мухтаржан Абдуллаев, Юсуфхан Шакиров, Мухаммад Садик Мухаммад Юсуф, Фазил баштаган чөлкөмдөгү бир катар диний аалымдар жана ишмерлер да ушул медресенин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат. 

Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына караштуу бул медреседе 4 жылдык билим берүү системасы бар болуп, диний сабактар менен катар жалпы билим берүүчү сабактар да окутулат. Бул жерде 30га жакын жогорку билимдүү жана тажрыйбалуу мугалим-мударристер 150 дөн ашуун студентке сабак беришет.

Медреседе студенттердин билим алышы жана жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Алар компьютер класстарын, окуу кабинеттерин жана медресе китепканасында сакталган бай кол жазма жана литографиялык китептерди пайдалана алышат. Алыскы аймактардан келген студенттер жатакана менен камсыздалат.

Медресени аяктагандарга ислам таануу, имам-хатиб жана араб тили мугалими адистиктери боюнча диплом берилет.