«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 15.09.2026
  • |

Илхам Алиев Түрк мамлекеттер уюмунун диний лидерлерин кабыл алды

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев 15-сентябрда Бакуда өтүп жаткан эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын кабыл алды.

Алардын арасында Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ТМУ мүчө мамлекеттердин муфтийлерин жана байкоочулары, ошондой эле Яхья Бакуви атындагы эл аралык конференциянын тең уюштуруучулары жана Кавказ элдеринин жогорку диний кеңешинин мүчөлөрүнөн турган делегация болду.

Жолугушууда Ислам дүйнөсүндөгү ынтымакты жана биримдикти бекемдөө, диний лидерлердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү жайылтуу маселелери талкууланды.

Президент Илхам Алиев өз сөзүндө Түрк дүйнөсү, Кавказ жана Ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы достук жана боордоштук байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай жолугушуулар элдердин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Ошондой эле Азербайжандын аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана Ислам тилектештигин бекемдөөгө багытталган демилгелери тууралуу сөз болду.