"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 01.05.2026
  • |

КМДБда MIICCI өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында Малайзиянын эл аралык ислам соода жана өнөр жай палатасынын (MIICCI — Malaysian International Islamic Chamber of Commerce and Industry) өкүлдөрү менен расмий жолугушуу болуп өттү.

Делегациянын курамында  MIICCI президенти Амин Фахми мырза, MIICCI кеңешчиси устаз Мохамад Замри мырза, Малайзиянын Пинанг штатынын Муфтийинин орун басары, адал индустриясы боюнча эксперт жана MIICCI кеңешчиси доктор Локман мырза, ошондой эле MIICCI катчылыгынын өкүлү Мохд Редза мырзалар болду.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү да катышты.

Меймандарды Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазиев кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы диний, экономикалык жана соода багытындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле адал индустриясын өнүктүрүү, халал продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, эл аралык тажрыйба алмашуу, адал стандарттарын өркүндөтүү жана бул багыттагы өз ара кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

MIICCI өкүлдөрү Малайзиянын халал индустриясындагы тажрыйбасы, ислам соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүдөгү ролу жана мусулман өлкөлөрүнүн ортосундагы ишкердик кызматташтыкты кеңейтүү боюнча көз караштары менен бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар адал индустриясы, соода-экономикалык байланыштар, эксперттик тажрыйба алмашуу жана келечектеги биргелешкен демилгелер боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.