"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 12.05.2026
  • |

КМДБнын адал бөлүмүнүн кызматкерлери эл аралык ISO стандарттары боюнча квалификациясын жогорулатууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын адал бөлүмүнүн кызматкерлери Максат Атабаев жана Нурсултан Бактыбек уулу азык-түлүк коопсуздугу, сапатты башкаруу жана аудит багытындагы эл аралык ISO стандарттары боюнча атайын окууга катышууда. 

Аталган 10 күндүк окуу 2026-жылдын 11–22-май күндөрү Бишкек шаарындагы Сыноо, сертификациялоо жана метрология борборунда өтүп жатат. Окуу программасы ISO 22000:2018, ISO 22002:2025, ISO 9001:2015 жана ISO 19011:2018 эл аралык стандарттарын камтып, адал тармагындагы адистердин кесиптик даярдыгын жана практикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган.

Программа негизинен азык-түлүк коопсуздугун башкаруу системалары, сапатты башкаруу механизмдери жана аудит жүргүзүү ыкмалары боюнча терең билим берүүнү көздөйт. Ошондой эле катышуучулар күнүмдүк кызматтык ишмердүүлүктө колдонууга ылайыктуу заманбап практикалык инструменттер менен таанышууда.

Окууга Бишкектеги Сыноо, сертификациялоо жана метрология борборунун, Кыргызстандарттын, ошондой эле стандартташтыруу жана баалоо тармагындагы тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү да катышып жатышат.

Мындай кесиптик даярдыктар адал индустриясында иш алып барган адистердин квалификациясын жогорулатуу менен бирге, Кыргызстандын сапат инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү ишканалардын эл аралык талаптарга шайкеш иш алып баруусуна жана ата мекендик продукциялардын атаандаштык мүмкүнчүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.